Республикада 2024-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жазгы себүүсү аяктап жатат

Басылмалардын датасы: 14.06.2024


Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 656 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилди, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 4 миң гектарга же 0,6%га аз.  Өткөн жылдын ушул күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянттарынын азайышы жаздык буудайдын (4,5%га), дан жүгөрүсүнүн (8%га),  дан буурчактуу өсүмдүктөрдүн (4%га),  пахтанын (32%га), май өсүмдүктөрүнүн (11%га),  картошканын (7%га) жана жашылчалардын (2%га) себүү темпинин төмөндөшү менен шартталды.

Муну менен катар, көп жылдык чөптөрдүн айдоо аянты  9 миң гектардан ашты же 31%га көп болду, жаздык арпа - 6 миң гектарга же 2,6%га жана , кант кызылчасы 0,5 миң гектарга же 4,3% га көбөйдү.

23-майга карата жаздык өсүмдүктөрдүн түрлөрү боюнча себилиши

 

Себилди -бардыгы,

миң гектар

Пайыз менен

2023

2024

өткөн жылдын ушул күнүнө

2023-жылы жаздык өсүмдүктөр себилген аянтка

Себилди-бардыгы 

      алардан:

660,7

656,4

99,4

95,2

   арпа

220,0

225,6

102,6

97,8

   буудай

100,4

95,9

95,5

93,9

   дан жүгөрүсү

101,2

93,1

92,1

89,0

   дан буурчактуу өсүмдүктөр

49,1

47,0

95,7

89,1

   картошка

47,8

44,3

92,7

96,7

   жашылча

34,0

33,4

98,1

102,2

   май өсүмдүктөрү

14,7

13,1

88,9

88,8

   пахта

19,1

13,0

68,4

73,9

   кант кызылчасы

12,9

13,4

104,3

102,7

   көп жылдык   чөптөр                                                                    

28,7

37,7

131,4

120,8

Жаздык эгиндердин жалпы аянтындагы эң чоң үлүш Чүй облусунун чарбаларына туура келди - 35%дан көп, Ысык-Көл облусунун чарбаларында - 15%,  Ош облусунун чарбаларында - 14% жана Жалал-Абад облусун чарбаларында - 12%дан көп.

23-майга карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши

 

 

Себилди - бардыгы,

миң гектар

Пайыз менен

2023

2024

өткөн жылдын ушул эле күнүнө

жыйынтыкка

Кыргыз Республикасы

660,7

656,4

99,4

100

 Баткен облусу

43,8

42,8

97,6

6,5

 Жалал-Абад облусу

88,1

80,3

91,1

12,3

 Ысык-Көл облусу

93,5

95,3

102,0

14,5

 Нарын облусу

30,7

36,9

120,3

5,6

 Ош облусу

98,2

94,9

96,6

14,4

 Талас облусу

73,8

72,1

97,8

11,0

 Чүй облусу

228,0

229,9

100,8

35,0

 Ош ш.

4,6

4,2

91,5

0,6

 

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата айыл чарба өндүрүүчүлөрү  тарабынан 85,1 миң гектар аянттагы күздүк эгиндер азыктандырылды жана 630,8 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалды. 

 

Айыл чарба

статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43, 32 46 21

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 14.06.2024, 10:31