2026-жылдын январь-августунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 14.09.2026


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-августунда мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу 11,0%га жогорулады жана 1 396,8 млрд. сомду түздү.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыз болду. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-август айларына  салыштырмалуу 18,6%га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,3%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,0 %га жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 49,2%га туура келип, мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3,6 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 34,7%ды түздү жана 2,7 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайыздык пунктка, өнөр жай – 1,2 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,5 пайыздык пунктка кыскарган.

2026-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2025

2026

ИДП

1 396 798,8

111,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

483 911,3

118,6

32,0

34,7

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

103 452,8

106,4

7,9

7,4

балык уулоочулук

Өнөр жай

262 784,5

108,8

17,7

18,9

Пайдалуу кендерди казуу

34 420,5

108,9

2,3

2,5

Иштетүү өндүрүшү

       

(Иштетүү өнөр жайы)

201 233,3

110,1

13,2

14,4

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

23 353,6

98,8

2,0

1,7

Суу менен жабдуу, тазалоо,

3 777,1

117,8

0,2

0,3

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

117 674,0

161,0

6,4

8,4

Кызмат көрсөтүү тармактары

688 360,4

106,3

52,8

49,2

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

219 734,5

108,5

16,7

15,7

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

43 015,5

106,4

3,2

3,1

сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

24 617,2

109,5

1,8

1,8

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

32 542,4

108,0

2,7

2,3

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

368 450,8

104,7

28,4

26,3

Продукттарга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

224 527,1

111,0

15,2

16,1

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел.: +996 (312) 324695; 325351

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 14.09.2026, 15:38