2024-жылдын январь-майында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Басылмалардын датасы: 11.06.2024
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-майында өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 8,1%га жогорулап, 443,9 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон салыктар тарабынан камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-майына салыштырмалуу 9,5%га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 7,3%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 8,5%га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (51,8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-майына салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле убакта товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,1 пайыздык пунктка жогорулап, 27,9%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине карата 1,3 пайыздык пунктка, өнөр жай 0,2 пайыздык пунктка өстү, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,4 пайыздык пунктка кыскарган.
2024-жылдын январь-майындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||
2023 |
2024 |
||||
ИДП |
443 899,8 |
108,1 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
124 047,1 |
109,5 |
26,8 |
27,9 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
23 101,4 |
102,5 |
5,6 |
5,2 |
|
Өнөр жай |
78 663,3 |
102,9 |
17,5 |
17,7 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
9 002,7 |
92,5 |
2,0 |
2,0 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
60 049,8 |
103,5 |
13,4 |
13,5 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
|
|
|
|
|
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
8 396,6 |
106,4 |
1,9 |
1,9 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 214,2 |
123,7 |
0,2 |
0,3 |
|
Курулуш |
22 282,4 |
151,6 |
3,7 |
5,0 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
229 598,1 |
107,3 |
54,0 |
51,8 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
55 228,5 |
116,2 |
11,8 |
12,4 |
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
14 990,1 |
105,6 |
3,3 |
3,4 |
|
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
5 554,5 |
120,4 |
1,2 |
1,3 |
|
Маалымат жана байланыш |
10 843,7 |
109,4 |
2,6 |
2,4 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
142 981,3 |
103,9 |
35,1 |
32,3 |
|
Продукттарга болгон таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
90 254,6 |
108,5 |
19,2 |
20,3 |
Эскертүү: Маалыматтар 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
*****
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).