Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрындагы ички дүң продукттун өсүү тенденциясы сакталды
Басылмалардын датасы: 11.11.2023
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-октябрь айларында 919 млрд. ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 4,5% жогорулады.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, 2022-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу продукттарга таза салыктардын өсүү темпи 6,5%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,9%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 3,1% жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (51,3%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,2 пайыздык пунктка жогорулаган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,2 пайыздык пунктка төмөндөдү жана 30,8% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 14,4% түзүп, 1,3 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 11% түздү жана 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2023-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||
2022 |
2023 |
||||
ИДП |
919 148,1 |
104,5 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
282 498,2 |
103,1 |
34,0 |
30,8 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
100 725,8 |
100,1 |
12,6 |
11,0 |
|
Өнөр жай |
132 011,4 |
101,3 |
15,7 |
14,4 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
21 124,1 |
104,4 |
2,4 |
2,3 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
97 028,8 |
99,7 |
11,6 |
10,6 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
|
|
|
|
|
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
11 725,8 |
108,9 |
1,4 |
1,3 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
2 132,7 |
103,8 |
0,3 |
0,2 |
|
Курулуш |
49 761,0 |
114,6 |
5,7 |
5,4 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
472 400,6 |
104,9 |
51,1 |
51,3 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
130 480,4 |
112,2 |
14,1 |
14,2 |
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
31 192,1 |
106,8 |
3,5 |
3,4 |
|
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
12 929,0 |
119,9 |
1,2 |
1,4 |
|
Маалымат жана байланыш |
19 749,9 |
106,9 |
2,4 |
2,1 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
278 049,2 |
100,5 |
29,9 |
30,2 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
164 249,3 |
106,5 |
14,9 |
17,9 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).