2024-жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешелери 13 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 13.02.2025


Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 685  млрд. сомдон ашты жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү.
 
Калктын номиналдык акчалай кирешелери
(млн. сом)
 
Бардыгы
анын ичинде
 
эмгек ишмердигинен түшкөн киреше
социалдык трансферттер
жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешелер
башка акчалай түшүүлөр
 
 
2023
 
 
Январь-март
180 154,5
127 507,5
25 666,2
21 400,8
5 580,0
 
Январь-июнь
369 337,0
265 906,6
51 402,7
40 298,3
11 729,4
 
Январь-сентябрь
576 308,5
421 805,1
77 465,7
57 762,2
19 275,4
 
Январь-декабрь
781 015,2
563 038,7
109 748,6
81 275,9
26 952,0
 
2024
 
 
Январь-март
218 944,7
156 376,6
31 732,4
22 857,3
7 978,4
 
Январь-июнь
457 847,1
330 622,2
63 624,0
45 107,2
18 493,7
 
Январь-сентябрь
685 126,8
497 056,5
    95 378,3
64 776,0
27 916,0
 
 
2024-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 653,6 млрд. сомду түзүп, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13% көбөйдү.
 
Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 11 193 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү. Кирешелердин басымдуу бөлүгү (71,4%) эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелерди түздү.
 
2024-жылдын январь-сентябрь айларында калктын адам башына эсептелген орточо акчалай кирешелери
(жыйынтыкка карата пайыз менен)
___________________________________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө                                                   
статистикасы башкармалыгынын
үй чарба статистикасы  бөлүмү  e-mail: yryskan.kalymbetova@gmail.com; |   тел. + 996 (312) 324655
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси). 
 

Акыркы жаңылоо: 14.02.2025, 08:47