2026-жылдын январь-сентябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Басылмалардын датасы: 15.10.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-сентябрында мурунку жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10,8%га жогорулады жана 1 640,9 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыз болду. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 18%га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,1%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,8 %га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 48,7%га туура келип, мурунку жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 3,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 35,9%ды түздү жана 2,6 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайыздык пунктка, өнөр жай - 1,1 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,9 пайыздык пунктка кыскарган.
2026-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
|
2025 |
2026 |
|||
|
ИДП |
1 640 885,5 |
110,8 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
589 534,8 |
118,0 |
33,3 |
35,9 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана |
137 907,1 |
106,5 |
9,3 |
8,4 |
|
балык уулоочулук |
||||
|
Өнөр жай |
302 801,1 |
107,1 |
17,3 |
18,4 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
40 609,4 |
107,3 |
2,2 |
2,5 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
||||
|
(Иштетүү өнөр жайы) |
230 747,9 |
107,4 |
13,1 |
14,0 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
|
кондицияланган аба менен камсыздоо |
||||
|
(жабдуу) |
27 033,2 |
103,1 |
1,8 |
1,6 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
4 410,6 |
119,6 |
0,2 |
0,3 |
|
калдыктарды иштетүү жана кайра |
||||
|
пайдалануучу чийки затты алуу |
||||
|
Курулуш |
148 826,6 |
162,2 |
6,7 |
9,1 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
799 057,1 |
106,1 |
51,9 |
48,7 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
263 549,6 |
108,3 |
16,9 |
16,1 |
|
жана мотоциклдерди оңдоо |
||||
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү |
49 318,8 |
105,4 |
3,2 |
3,0 |
|
сактоо |
||||
|
Мейманканалар менен ресторандардын |
29 917,3 |
108,9 |
1,9 |
1,8 |
|
ишмердиги |
||||
|
Маалымат жана байланыш |
36 531,5 |
106,8 |
2,5 |
2,2 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
419 739,9 |
104,5 |
27,4 |
25,6 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды |
||||
|
эсептебегенде) салыктар |
252 293,6 |
110,8 |
14,8 |
15,4 |
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351 Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
