Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 15.10.2026


Ички дүң продукт 2026-жылдын январь-сентябрында алдын ала баалоо боюнча 1 640,9 миллиард сомду түздү жана 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10,8 пайызга көбөйдү.

 2026-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 685,4 млрд. сомду түздү. Мында физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-сентябрына карата 107,0 пайызды түздү.

  Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу өсүшү тамак-аш азыктарын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки заттарын (9,4 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды (13,6 пайызга), курулуш материалдарын (29,1 пайызга), транспорт каражаттарын (39,4 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин продукцияларын (41,3 пайызга), тазаланган мунай продуктуларын (1,9 эсеге), химиялык продукцияларды (2,3 эсеге) өндүрүүнүн, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (7,3 пайызга) көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.

Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, иш көлөмү 1,6 эсеге өстү. Ошондой эле айыл чарбасында 6,5 пайызга, дүң жана чекене соодада 4,2 пайызга өсүш катталды.

           Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы республика боюнча 8,1 пайызды түздү. Мында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 7,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары - 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар - 6,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,8 пайызга жогорулады.

           Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (16,6 пайыз) Ош облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин (11,3 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки заттарынын (29,1 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (12,3 пайызга) бааларынын жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (28,3 пайызга) жогорулашынын эсебинен болду.

          2026-жылдын январь-августунда республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 12,0 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 13,3 пайызга көбөйдү.

           Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2026-жылдын январь-августунда 4,3 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 5,5 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 9,1 пайызга кыскарды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 9,3 пайызга өстү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,5 пайыз) жана Казакстанга (32,7 пайыз) туура келди.

 

 

Презентациялар:

2026-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү

2025-жылдагы чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин ишмердиги

****

 

Кыргыз Республикасынын эң маанилүү мамлекеттик маалымат тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл болгон маалымат менен камсыздайт.

 

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тийиштүү метамаалыматтарын пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Интервью уюштуруу маселелери боюнча дагы да кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. менен кесилиши).

Биздин байланыштар:

  • Веб-сайт: www.stat.gov.kg
  • Facebook: [КР Улутстаткому]
  • Тел.: 625747

 

 

Мы доступны:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 15.10.2026, 10:55