Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрындагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды
Басылмалардын датасы: 11.10.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-сентябрында өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 597 млрд. ашык сомду түздү жана 7,2% өстү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,9% өсүп, 555 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10,7% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-сентябрында, тескерисинче, 6,5% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 4,0% өстү (2021-жылдын январь-сентябрында 6,0% өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (44,9%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 0,6 пайыздык пунктка өскөн, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 2,2 пайыздык пунктка төмөндөп 39,3% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 14,5% түзүп, 0,8 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 14,5% түздү жана 2,4 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2022-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2021 |
2022 |
|||
ИДП |
597 402,4 |
107,2 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
234 514,2 |
110,7 |
41,5 |
39,3 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
86 640,9 |
106,5 |
16,9 |
14,5 |
Өнөр жай |
110 841,8 |
117,1 |
17,8 |
18,6 |
Пайдалуу кендерди казуу |
13 888,5 |
108,7 |
1,7 |
2,3 |
Иштетүү өндүрүшү |
80 547,7 |
123,5 |
13,1 |
13,5 |
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
14 875,5 |
94,8 |
2,7 |
2,5 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 530,1 |
90,8 |
0,3 |
0,3 |
Курулуш |
37 031,5 |
104,3 |
6,8 |
6,2 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
268 385,8 |
104,0 |
44,3 |
44,9 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
93 163,9 |
105,7 |
15,5 |
15,6 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
22 806,5 |
112,4 |
3,8 |
3,8 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
6 869,2 |
120,1 |
1,0 |
1,1 |
Маалымат жана байланыш |
14 964,3 |
105,1 |
2,9 |
2,5 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
130 581,9 |
100,3 |
21,1 |
21,9 |
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
94 502,4 |
107,2 |
14,2 |
15,8 |
______________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).