Январь айында үстүбүздөгү жылдын экономикасында өсүш белгиленди

Басылмалардын датасы: 16.02.2026


Ички дүң продукция 2026-жылдын январь айында алдын ала баалоо боюнча 125,7 миллиард сомду түзүп жана 2025-жылдын январь айларына салыштырмалуу 9,0 пайызга өсту.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишмердүүлүгүнүн продукциясын (1,8 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (1,7 эсеге), химиялык продукцияны (38,9 пайызга), транспорт каражаттарын (36,1 пайызга), тазаланган мунай продуктыларын (21,1 пайызга), тамак-аш продуктыларын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын (13,6 пайызга), фармацевтикалык продукцияны (8,9 пайызга), негизги металлдарды (6,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууну (37,7 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз кылынды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 25,7 пайызды түздү, дүң жана чекене соодада – 21,1 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында - 3,5 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы 0,8 пайызды түздү. Мында тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 0,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга – 0,5 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине – 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды.

Мында баалардын эң жогорку өсүшү (1,3 пайызга) Баткен облусунда катталды, бул калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин жогорулашынын (2,6 пайызга) эсебинен, ал эми тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын жогорулашы (1,4 пайызга) Бишкек шаарында катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң жогорку өсүшү (1,2 пайызга) Жалал-Абаб облусунда катталды.

Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-декабрь айларында болжол менен 15,8 млрд АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 10,2 пайызга кыскарды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 44,5 пайызга азайып, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 3,9 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-декабрь айларында 5,9 млрд АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 7,7 пайызга өстү. Бул мезгил ичинде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,9 пайыз) жана Казакстанга (31,5 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы

(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2025 – жылдагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын өнүгүшү

2. 2025 – жылдын аягына карата мал жана үй канаттууларын бир жолку эсепке алуунун жыйынтыгы

3. 2025 - жылдын Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы, республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналат, рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл маалымат менен камсыз кылат.

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме кылууга милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылуу дареги:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы,  тел.: +996 (312) 625747, 

Пресс-секретарь (990) 900 933, e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет) 

Биз жеткиликтүүбүз: www.stat.gov.kg  |Facebook  тел. 625747


Акыркы жаңылоо: 16.02.2026, 17:03