2025-жылдан баштап колдонуучуларды эмне күтөт?Жеке маалыматтарды пайдаланууга байланышкан статистикалык маалыматтарды берүү боюнча маанилүү өзгөрүүлөр

Басылмалардын датасы: 09.01.2025


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (Улутстатком) расмий статистика колдонуучуларын 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган маанилүү өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт.
 
Бул өзгөртүүлөр Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистри (СББМР) маалымат базасындагы юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана дыйкан (фермер) чарбаларга тиешелүү.
 
2025-жылдан тарта кандай өзгөртүүлөр күчүнө кирет?
 
«Расмий статистика жөнүндө» мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Улутстатком тарабынан төмөнкү маалыматтар суранычтар боюнча берилбейт:
 
          1) жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) же юридикалык жактын толук, кыскартылган (бар болгон учурда) аталышы;
         2) ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ОКПО);
         3) юридикалык дареги (жайгашкан жери);
         4) телефон жана факс номерлери, электрондук дареги.
 
Бул өзгөртүүлөр жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдарды сактоо, ошондой эле расмий статистика менен иштөөнү оптималдаштыруу максатында киргизилүүдө. Маалыматтарды берүү мыйзамдын түз ченемдери менен каралган учурларда гана жеткиликтүү болот.
 
Бул эмне үчүн маанилүү?
 
Буга чейин юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо милдеттери юстиция жана салык кызматтарына өткөрүлүп берилсе дагы Улутстатком СББМР маалымат базасынан маалыматтарды берип келген.  Жаңы чектөөлөрдүн киргизилиши менен мыйзам Улутстатком 2025-жылдын 1-январынан тарта физикалык жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча белгилүү бир маалыматтарды берүүнү токтотууга милдеттендирет.
 
Бул өзгөртүүлөр жеке маалыматтарды коргоо боюнча прогрессивдүү мыйзамдардын талаптарына ылайык келет жана алардын таралышын жана колдонулушун көзөмөлдөөнү жакшыртууга багытталган.
 
Ошентип, Улутстатком жеке маалыматтарды коргоону жана аны берүүнүн ачык-айкындыгын жөнгө салуучу мыйзамдарга так ылайык иш алып барат.
 
Бул расмий статистиканы колдонуучуларга кандай таасир этет?
 
2025-жылдын 1-январынан тарта жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, ОКПО коду, юридикалык дарек жана байланыш сыяктуу маалыматтардын суроо-талаптары Улутстатком тарабынан аткарылбайт. Бул маалыматтар ачык мыйзамдуу негиздерсиз колдонуу үчүн жабык бойдон калат. Зарыл болсо, колдонуучулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде каттоо маалыматтарын алуу үчүн юстиция органдары же салык органдары сыяктуу тиешелүү органдарга кайрыла алышат.
 
Улутстатком бардык мыйзам талаптарын сактоо менен жана анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен расмий статистиканын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантат.
 

Акыркы жаңылоо: 09.01.2025, 13:16