2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү 11,5 пайызга көбөйдү
Басылмалардын датасы: 14.01.2021
2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 5 358,53 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11,5 пайызга өстү.
Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)
2020-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди. Ошол эле учурда, 2019-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң өсүшү Талас облусунда (14,8 пайызга), Баткенде (14,6 пайызга) жана Ысык-Көлдө (13,8 пайызга) белгиленди.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)
|
Жылына орточо эсеп менен |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен |
|
---|---|---|---|
2019 |
2020 |
||
Бардыгы |
4 806,32 |
5 358,53 |
111,5 |
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк |
5 368,64 |
6 003,64 |
112,0 |
анын ичинен: |
|
|
|
эркектер |
5 485,06 |
6 143,79 |
111,6 |
аялдар |
5 317,27 |
5 957,12 |
110,8 |
Пенсионерлер |
4 286,71 |
4 785,43 |
110,3 |
Балдар |
4 091,05 |
4 532,95 |
111,1 |
анын ичинен, жашы: |
|
|
|
0дөн 7ге чейинки |
3 642,03 |
4 015,40 |
110,3 |
7ден 14кө чейинки |
4 245,56 |
4 716,76 |
111,1 |
14төн 17ге чейинки |
4 616,83 |
5 139,18 |
111,3 |
______________________________________________________________________________________________________
Үй чарба статистикасы бөлүмү
|
| e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).