Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 27.09.2024


Кыргыз Республикасында туризм приоритеттүү тармактардын бири болуп саналат. 2023-жылы эс алуучулардын саны 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көбөйүп, 2,8 млн. адамды түзгөн, алардын ичинен туризмдин уюштурулган секторунда 1,8 млн. адам (1,6 эсеге көп) эс алган.

2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталган.  

2023-жылы 600гө жакын эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, 78 турфирма жана туроператор, ошондой эле эс алуу мекемелеринин аймагында жана алардын аймагынан сырткары жайгашкан 1,5 миң конок үйлөру туристтерди кабыл алган жана тейлеген. 

Көрсөтүлгөн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, мында 2023-жылы 1,6 миң эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, конок үйлөрү туристтерди кабыл алган жана тейлеген.

 Облустагы туризмдин уюштурулган секторунда эс алуучулардын саны 556 миңге жакын адамды түзгөн, бул 2022-жылга салыштырганда 1,4 эсеге көп.  Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун курорттук зонасынын уюштурулбаган секторунда (конок үйлөр жана үй чарбалар) 2023-жылы 1 млн. ашык адам эс алган же 1,3 эсеге көп.

2023-жылы туристтик фирмалар аркылуу 27 миңден ашык адам жөнөтүлгөн, алардын 36 пайызы башка өлкөлөргө барып эс алышса, 64 пайызы биздин республикабызда саякатташты.

По данным Пограничной службы Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики, в 2023 году число пересечений границы Кыргызской Республики иностранными гражданами (по стране гражданства), составило 8,7 млн. Основное число пересечений (прибытий) пришлось на граждан Узбекистана, Казахстана, России и Китая.

2023-жылдагы жарандыгы бар өлкөлөр боюнча чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) саны
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

___________________________________________________________________________________

Керектөө рыногу, маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы   (e-mail; ltekeeva@stat.kg;/ тел.+996 (312) 324 725, 324 918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 27.09.2024, 17:44