Басылмалардын датасы: 31.01.2025
2025-жылдын 31-январында Улутстаткомдун коллегиясынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берилип, алдыдагы жылга карата негизги жетишкендиктер жана милдеттер талкууланды.
Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов экономикадагы оң динамиканы белгиледи. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кыргыз Республикасынын ички дүң продуктусунун (ИДП) көлөмү 2024-жылы 1,5 триллиондон ашык сомду түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 9% га көп. Бул өсүш кызмат көрсөтүү, товардык өндүрүш жана салыктык кирешелердин көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалды. Ошондой эле 2024-жылга карата Статистикалык программаны аткаруунун жана Дүйнөлүк банктын "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо"долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылды.
Отурумдун жүрүшүндө каралган негизги маселелер:
1. 2024-жылдын жыйынтыгы жана 2025-жылга милдеттери. 2024-жылга карата Статистикалык программаны аткаруунун жана Дүйнөлүк банктын "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо"долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары каралды.
2. 2024-жылдагы пилоттук айыл чарба каттоосу. Пилоттук каттоонун жыйынтыктары чыгарылды жана 2025-жылдагы масштабдуу айыл чарба каттоосуна даярдык маселелери талкууланды.
3. Электрондук отчеттуулукту киргизүү. Статистикалык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу процесстерин бир кыйла жакшыртуучу «IST» АМТ электрондук отчеттуулук системасынын презентациясы болду.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча аймактык статистика органдарынын жетекчилерине чарба субъекттерди статистикалык эсепке алуу менен камтууну кеңейтүү боюнча ишти күчөтүү, ошондой эле статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу үчүн райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу сунушталды.
Коллегияда расмий статистика системасын андан ары өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү бийликтер менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиленди, бул маалыматтарды так жана өз убагында чогултууга өбөлгө түзөт, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болот.
2025-жылдагы айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдыкка, аны натыйжалуу даярдоо жана уюштуруу үчүн райондук деңгээлде активдүү иштин маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ыраазычылык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобого ылайык, статистикалык системаны өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн бир нече кызматкерлерге ыраазычылык жарыялоо чечими кабыл алынды.