Куттуктайбыз
Сиз Улуттук статистика комитетинин почта жөнөтмөсүнө ийгиликтүү жазылдыңыз
Жазылуунун тибин тандаңыз:
Куттуктайбыз
Сиз Улуттук статистика комитетинин почта жөнөтмөсүнө ийгиликтүү жазылдыңыз
Жазылуунун тибин тандаңыз:
Айыл чарба каттоосу
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 токтому менен Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарба каттоосун өткөрүү чечими кабыл алынган. |
|
Каржылоо булактары |
Республикалык бюджет жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО БУУ). |
|
Айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн максаты жана милдеттери |
Каттоонун негизги максаттары: - эл аралык стандарттарга ылайык айыл чарбанын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу; - тандама изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн башкы жыйындыны түзүү; - айыл чарба секторунун өнүгүү тенденцияларын изилдөө үчүн структуралык жана социалдык өзгөрүүлөрдү аныктоо; - регионалдык деңгээлде саясатты иштеп чыгуу үчүн аймактык бирдиктер жана чарбалардын структуралык белгилери боюнча кеңири топтоштурулган маалыматтарды чогултуу. Каттоонун негизги милдеттери: - аныктамалардын жана классификациялардын эл аралык салыштырмалуулугун камсыз кылуу; - жеткиликтүү статистикалык ресурстарды пайдаланууну оптималдаштыруу; - айыл чарба каттоосунун алкагында маалыматтар чогултула турган белгилердин топтомун аныктоо
|
|
Өткөрүү мөөнөттөрү: |
Айыл чарба каттоосу 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери менен жеке маектешүү жолу аркылуу, убактылуу каттоочу персоналды тартуу жана мобилдик түзмөктөрдү колдонуу менен өткөрүлөт. |
|
Каттоонун субъекттери: |
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан айыл чарба мамлекеттик жана жамааттык чарбалары (анын ичинде окуу жайлардын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары), дыйкан (фермер) чарбалары, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары (анын ичинде жамааттык бакчалар жана огороддор). |
|
Каттоонун объекттери: |
Айыл чарба жерлеринин аянты; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты; бактар, мөмө-жемиш бадалдары жана жүзүмзарлар; жабык грунттагы айыл чарба өсүмдүктөрү; жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу; короо-жай участогунун жер аянты; малдын жана үй канаттууларынын түрлөрү боюнча саны; айыл чарба техникасынын, жабдуулардын жана жүк ташуучу автоунаалардын болушу; башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге көрсөтүлгөн айыл чарба кызматтары; балык чарбачылыгы; айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү мини-цехтердин саны; айыл чарбасында иштегендердин саны; сактоо үчүн өндүрүштүк же өз алдынча жасалган кубаттуулуктар. |
|
Каттоонун камтуу аймагы: |
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы. |
|
Тартылган кадрлар: |
Каттоону өткөрүүгө 6 791 убактылуу каттоо персоналды тартуу пландалууда. |
© Бардык укуктар корголгон, 2015
Пользователи при использовании данных официальной статистики и соответствующих метаданных обязаны ссылаться на их источник. (ст. 30 Закона об официальной статистике)
Веб-сайтты иштеп чыгуу — Михаил Агеев
Адрес 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 374
Улутстаткомдун кабылдамасы
+996 (312) 62 60 84
Факс: +996 (312) 66 01 38
Ишеним телефону +996 (312) 66 41 65
Маркетинг бөлүмү
(акы төлөнүүчү маалыматтар маселеси боюнча )
+996 (312) 32 47 03
Жалпы бөлүм:
+996 (312) 32 46 35
Email: nsc_mail@stat.kg
Управление распространения статистической информации и коммуникации +996 (312) 62 56 62; +996 (312) 62 55 59; +996 (312) 62 57 47
Пресс-кызматы +996 (312) 62 56 62; +996 (312) 62 55 59; +996 (312) 62 57 47


