Куттуктайбыз
Сиз Улуттук статистика комитетинин почта жөнөтмөсүнө ийгиликтүү жазылдыңыз
Жазылуунун тибин тандаңыз:
Куттуктайбыз
Сиз Улуттук статистика комитетинин почта жөнөтмөсүнө ийгиликтүү жазылдыңыз
Жазылуунун тибин тандаңыз:
1926-жылдын 29-апрелиндеги Кара-Кыргыз обревкомунун токтому менен статистика боюнча комитети уюшулган, анда ага статистикалык маалыматтарды ар тараптуу иштеп чыгуу, ошондой эле ошол учурда ар кандай ведомстволор жана мекемелердин курамында болгон статистикалык органдардын иш-аракеттерин координациялоо боюнча маселелери жүктөлгөн.
Мамлекеттик статистиканын тарыхындагы маанилүү доору бул 1994-жыл болуп калды.
Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика комитети болуп уюшулган жана Республиканын Өкмөтүнүн курамынан чыккан, бул мамлекеттик жана саясаттык түзүмдөрдүн таасиринен мамлекеттик статистика комитетинин көз карандысыз болуусуна кепилдик болуп саналган.
Ушул эле жылдын май айында статистикалык системасында жаңы структуралык өзгөрүүлөр болуп өтөт. Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө” 1994-жылдын 30-майындагы Жарлыгына кол койгон, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статусу берилген. Жаңы статуска ылайык Улуттук статистика комитети бир гана республиканын Президентине отчет берет. Кыргыз Республикасынын статистикалык кызматынын көз карандысыздык статусун КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи алган.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аймактык деңгээлде 7 облустук (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Чүй облустук статистикалык башкармалыктары) башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыктары менен иш жүргүзөт.
© Бардык укуктар корголгон, 2015
Пользователи при использовании данных официальной статистики и соответствующих метаданных обязаны ссылаться на их источник. (ст. 30 Закона об официальной статистике)
Веб-сайтты иштеп чыгуу — Михаил Агеев
Адрес 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 374
Улутстаткомдун кабылдамасы
+996 (312) 62 60 84
Факс: +996 (312) 66 01 38
Ишеним телефону +996 (312) 66 41 65
Маркетинг бөлүмү
(акы төлөнүүчү маалыматтар маселеси боюнча )
+996 (312) 32 47 03
Жалпы бөлүм:
+996 (312) 32 46 35
Email: nsc_mail@stat.kg
Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмү +996 (312) 62 56 62; +996 (312) 62 55 59; +996 (312) 62 57 47
Пресс-кызматы +996 (312) 62 56 62; +996 (312) 62 55 59; +996 (312) 62 57 47