Вакансии

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) Улутстаткомдун мамлекеттик жарандык кызматынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын башкы жана улук топторуна коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар: 

Билими:

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;

3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4)Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

5)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

6)Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

7)Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

8)Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

9)Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» Мыйзамы;

10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

11) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамы.  

 

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.

1) Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык

талаптар: («тармактык статистика» багыты боюнча) – жайгашкан жери Ысык-Көл облусу

1. Кесиптик билим деңгээли:

     -“Экономика жана башкаруу” тармагындагы экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим; “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” тармагындагы фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар багыты боюнча жогорку кесиптик билим; “Гуманитардык илимдер” тармагындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим; “Айыл чарба илимдери” тармагындагы бардык багыттар боюнча жогорку кесиптик билим.

    -Илимий даражасынын жана наамынын болушу (каалоого ылайык).

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/аки муниципалдык кызматтагы жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес;

же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү: “Расмий статистика жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү, аны кызматтык милдеттерин аткарууда колдоно билүү, ошондой эле расмий тилди билүү;

-Мыйзамдарда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Билгичтиги:

      -Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

       -Талдоо (анализ) жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө комплекстүү мамилелерди интеграциялоо;

        -Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

       -Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

        -Коюлган милдеттерди чечүүдө жаңычыл мамилелерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

        -Өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

        -Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

        -Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

        -Статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

        -Кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура   иштешүү.

Көндүмдөрү:

-Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-Түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагы кызматкерлердин ортосунда сарамжалдуу бөлүштүрүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

-Маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

-Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.

2) Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

(«Тармактык статистика» багыты боюнча);

1. Кесиптик билим деңгээли:

-«Статистика»; «Экономика жана башкаруу» (экономика багыты боюнча); «Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика» (математика жана информатика багыттары боюнча), маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-Жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү: “Расмий статистика жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү, аны кызматтык милдеттерин аткарууда колдоно билүү, ошондой эле расмий тилди билүү;

-Мыйзамдарда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Билгичтиги:

         -Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

         -Талдоо (анализ) жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө комплекстүү мамилелерди интеграциялоо;

         -Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

        -Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

        -Коюлган милдеттерди чечүүдө жаңычыл мамилелерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

        -Өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

        -Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

        -Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

        -Статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

        -Кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура   иштешүү.

Көндүмдөрү:

-Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-Түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагы кызматкерлердин ортосунда сарамжалдуу бөлүштүрүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

-Маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

-Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта билдирме бере алышат. Билдирмеге электрондук форматтагы документтер (сканерден өткөрүлгөн варианттары) же  скоросшивателге тигилген кагаз түрүндөгү төмөнкү документтер тиркелет:

Административдик кызмат ордунун тобу көрсөтүлгөн жеке арыз;

Резюме (электрондук почтасы жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүсү тийиш);

Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүсү тийиш);

Негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт).

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүүсү тийиш.

Мамлекеттик жарандык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

Конкурс тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун www.stat.kg

 веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg  сайтында жайгаштырылган.

            Тез түптөгүчкө тигилген документтерди 2026-жылдын 23-мартынан 30-мартына чейин (ишемби жана жекшембиден сырткары), саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл:

720033, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, № 374, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, № 309 кабинет, тел. 66-41-65.

Акыркы жаңылоо: 31.03.2026, 14:57