КМШ өлкөлөрү боюнча жашоо минимумунун түзүмүнүн талдоосу жана динамикасы
Басылмалардын датасы: 22.11.2018
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын минималдуу топтому, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамы жана энергетикалык баалуулугу, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасы камтылган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык көлөмүн эсептеп чыгарат.
Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.
Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмү
(процент менен)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген |
Жашоо минимумунун азык-түлүк баштыгынын (корзина) курамы тамак-аш азыктарынын 32 аталышын камтыйт, алардын керектөөчүлүк ченемдери калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты.
Азык-түлүк баштыгынын (корзина) энергетикалык баалуулугу орточо 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 гр. белокту жана 71 гр. майды камтыйт.
Көпчүлүк Шериктеш өлкөлөрдө жашоо минимумунун көлөмү мыйзамдык түрдө түзүлөт, керектөө баштыктарынын (корзина) курамдары КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн тиешелүү органдары тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана климаттык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрү менен байланышкан олуттуу айырмачылыктар бар.
КМШ өлкөлөрүндө жашоо минимумунун көлөмү
(улуттук валютада жана улуттук валюталардын АКШ долларына карата жылдык орточо курстары боюнча;
бир баш деп алгандагы эсептөө, бир айда)
Улуттук валюта бирдиги |
АКШ доллары |
|||||
2016 |
2017 |
2018 |
2016 |
2017 |
2018 |
|
Азербайжан, манат |
136 |
155 |
173 |
85 |
90 |
102 |
Беларусия, белорус рубли |
173 |
192 |
214 1) |
87 |
100 |
106 |
Казакстан, тенге |
21612 |
23783 |
28620 4) |
63 |
73 |
79 |
Кыргызстан, сом |
4794 |
4901 |
4655 2) |
69 |
71 |
68 |
Молдова, лей |
1799 |
1862 |
1896 3) |
90 |
101 |
114 |
Россия, рубль |
9828 |
10088 |
10451 2) |
147 |
173 |
160 |
Украина, гривен |
1388 |
1604 |
1777 2) |
54 |
62 |
66 |
КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча
- Жашоо минимумунун бюджети 2018-жылдын 1-ноябрынан 2019-жылдын 31-январына чейин түзүлдү.
- 3-квартал.
- 1-жарым жылдык.
- октябрь
Эмгек акынын түзүлгөн минималдуу өлчөмү эмгекке жөндөмдүү элдин жашоо минимумунан 2017-жылдын декабрында Беларусияда жана Украинада гана, тийиштүүлүгүнө жараша, 1,2 жана 1,8 эсеге ашкан; башка КМШ өлкөлөрүндө ал жашоо минимумунун төмөн болгон.
Эмгекке жөндөмдүү эл үчүн жашоо минимумунун көлөмү менен эмгек акынын минималдуу өлчөмүнүн катышы
(улуттук валютадагы бирдик)
|
2018 |
||
Эмгекке жөндөмдүү эл үчүн жашоо минимумунун көлөмү, улуттук валютада |
Эмгек акынын минималдуу өлчөмү (ЭАМӨ) |
Жашоо минимумунун көлөмүнө карата пайыздар менен ЭАМӨ |
|
Азербайжан, манат |
183 |
130 |
71 |
Беларусь, белорусия рубли |
230 |
305 |
133 |
Казакстан, тенге |
30128 |
28284 |
94 |
Кыргызстан, сом |
5204 |
1662 |
32 |
Молдова, лей |
2015 |
1000 |
50 |
Россия, рубль |
11310 |
9489 |
84 |
Украина, гривен |
1841 |
3723
|
202 |
Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттардын көрсөткүчтөрү менен жашоо минимумунун көлөмүнүн окшоштуруп салыштыруусу калкты социалдык коргоо тармагында мамлекеттик саясатты мүнөздөйт.
ЖМ көлөмү жөнүндө маалымат УСКнын расмий сайтына квартал сайын жайгаштырылат жана ал мобилдик тиркемеде да жеткиликтүү.
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail:NKerimalieva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324691 | e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).