Бишкек шаары 141 жылдыгын белгилөөдө
Басылмалардын датасы: 29.04.2019
2019-жылдын 29-апрелинде Кыргызстандын борбору-Бишкек шаарына 141 жыл болду. Анын пайда болуу жана өнүгүү тарыхы революциялык жана эмгектик салттарга бай. Кыргыз элинин бурулуш тарыхый окуясы болгон - Кыргызстандын өз эрки менен Россиянын курамына кошулушунун жыйынтыгында, шаар орус жана кыргыз элдеринин улуу достугунун башатында турган.
Шаардын экономикалык, социалдык-саясый жана маданий өнүгүүсү Улуу Октябр Социалисттик революциясынын жеңишинен башталып, республикада улуттук мамлекеттүүлүктүн орношу жана өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан.
Тарыхый кыска мөөнөт ичинде Бишкек республиканын индустриалдык жана маданий борборуна айланды.
Советтер Союзунун кыйрашынан кийин Кыргызстан эгемендүүлүк алды.
1991-жылы Кыргыз Республикасынын борборуна – Бишкек тарыхый аталышы кайтарылды.
Шаар Кыргызстандын борбору катарында эл аралык аренага чыкты.
Дүйнөлүк мейкиндикте ал көптөгөн жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк мамлекеттер менен дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды жүргүзөт.
Бишкек – бул республиканын саясый, экономикалык, илимий жана маданий борбору, башкы транспорттук түйүнү. Аймагынын аянты 169,6 чарчы километрден ашык. Азыр бул көп улуттуу, миллион калкы бар шаар (2019-жылдын 1-мартына карата - 1031,5 миң адам). 1880-жылы Пишкек шаарында 500го жакын тургундар жашаган.
Бишкек шаарынын 2019-жылдын январ-мартындагы социалдык-экономикалык абалы
2019-ж. 1-апрелине карата Бишкек шаарынын аймагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 114,9 миң бирдикти, анын ичинде: юридикалык жактар – 69,0 миң бирдикти жана жеке жактар – 45,9 миң бирдикти түздү.
2019-жылдын январ-мартында өндүрүштүк ишканалар тарабынан 9340,3 млн. сом суммадагы продукция өндүрүлдү. Республиканын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 14,6 пайызды түздү.
Негизги капиталга жумшалган инвестициялардын деңгээли 2019-жылдын январ-мартында 5910,7 млн. сомду түздү жана 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14,8 пайызга көбөйдү.
Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2019-жылдын январ-мартында 6349,0 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,1 пайызга көп.
2019-жылдын январ-мартында транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн көлөмү 1953,2 миң тоннаны түздү, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинде калды.
2019-жылдын январ-мартында дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 37912,6 млн. сомду түздү жана 2018-ж. январь-мартына салыштырганда 5,8 пайызга көбөйдү.
2019-жылдын январ-мартында мейманканалар жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 1945,1 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын январь-мартына салыштырганда 7,3 пайызга көп.
Бишкек шаары боюнча 2019-жылдын январ-февралында орточо номиналдык эмгек акы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19737 сомду түздү жана 2018-жылдын январь-февралына салыштырганда 4,3 пайызга көбөйдү.
Шаардын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январ-февралында 514,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2018-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 23,9 пайызга төмөндөдү, экспорттук жөнөтүүлөр 11,6 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр 32,5 пайызга төмөндөдү.