Сандар жана фактылар. Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 08.06.2025


 

Кыргыз Республикасында жыл сайын 8-июнда жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Текстиль жана тигүү өнөр жайы республиканын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Бирок ИДПдагы анча көп эмес үлүшүнө (бир пайызга жакын) карабастан, аталган тармак экспорттук жеткирүүлөр, кошумча жумуш орундарын түзүү жана салыктык түшүүлөр боюнча маанилүү бойдон калууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылы республиканын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер иштеп, аларда 128 миңден ашык адам эмгектенди.

Учурда жеңил өнөр жайы негизинен Чүй облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон чакан жана орто ишканалар менен көрсөтүлгөн. Ишканалар ар түрдүү ассортиментте товарларды чыгарышат. Алсак, 2024-жылы тармактын ишканалары тарабынан 18 миллиондон ашык аялдардын тышкы кийимдери, 5 миллион даана эркектердин кийимдери, 331 миң свитерлер жана джемперлер, 12 миллион жуп байпак, 4 миллион жуп бут кийимдер өндүрүлгөн.

2024-жылы текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көбөйгөн. Анын ичинен эң көп үлүшү кийим өндүрүшүнө (85 пайыз) жана текстиль өндүрүшүнө (12 пайыз) туура келген.

Кийим тигүү менен катар кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүн сактап, жайылткан чакан ишканалардын ишмердүүлүгү дагы өнүгүп жатат. Алар чектелген көлөмдө, бирок маданий баалуулугу жогору продукцияларды: шырдактарды, туш-кийиздерди, кыргыздын салттуу кийимдерин жана бут кийимдерин, булгаары буюмдарын, улуттук оймо-чиймелери бар идиштерди жана сувенирлерди чыгарышат. 2024-жылдын аягына чейин өнөр жайда 34 миң улуттук килем, 54 миң даана улуттук кийим жана 9 миң даана эркектердин кийизден жана таза жүндөн жасалган калпактары чыгарылган.


Акыркы жаңылоо: 09.06.2025, 15:01