Автоунаа транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү. Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 25.10.2024


Бүгүн республикада автоунаа транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.
 
Автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан жүктөрү эсептелген.
 
Республиканын бийик тоолуу жана көптөгөн региондоруна жетүүнүн кыйын шарттары башынан эле транспорттун башка түрлөрүнүн арасынан автоунаа транспортунун алдыңкы орунда тураарын аныктаган. 
 
2023-жылы автоунаа транспорту менен 51 млн. тонна жүк же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы ташылган.
Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (61 пайыздан ашык) жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.
 
2023-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Бишкек шаарынын жана Талас, Чуй облустарынын  чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келди. 
 

2023-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар
(пайыз менен)

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Ушундай ташуулардын 88 пайыздан ашыгы жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.

2023-жылы жеке жактарга таандык автобустар, микроавтобустар жана таксилер менен 480 млн., же 89 пайыз жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан -  61 млн. жүргүнчүлөр (11 пайыз) ташылган.    

Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек, Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй жана Джалал-Абад облустарынын чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

 

2023-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

 

2024-жылдын 1-январына карата республикада жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,2 млн. ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2023-жылдын 1 январына салыштырмалуу 5 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 164 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарынын (калктын 1000ине 274 автоунаа), Чүй облусунун (237 автоунаа) жана Ош шаарынын (226 автоунаа) жеке ээлерине туура келген.

2023 - жылы жалпы мамлекеттик жана республикалык маанидеги 30 чакырым катуу жабуусу менен, облустук жана жергиликтүү маанидеги 119 чакырым, айыл жерлериндеги 196 чакырымдан ашык ички чарбалык жолдор пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, "Түштүк транспорттук коридор", "Ош-Баткен-Исфана", "Бишкек-Ош", "Бишкек-Нарын-Торугарт", Ысык-Көл айланма жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун куруу, ошондой эле "Борбордук Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу" долбоору боюнча иштер ж. б. жүргүзүлгөн. Мында транспорттук инфраструктурага инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 60 пайыздан ашыгы тышкы булактардын эсебинен каржыланган. 

 

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы /e-mail: ltekeeva @stat.kg;/ тел. + 996 (312) 324650, 324918
Инвестиция статистикасы бөлүмү /e-mail: birukova@stat.kg/ тел. + 996 (312) 324 642
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 25.10.2024, 15:57