Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү. Сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 19.10.2024


Кыргызстанда 19-октябрь күнү Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү салттуу түрдө белгиленип келет.
 
Акыркы беш жылдын ичинде социалдык коргоого кеткен чыгымдардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда, анын бардык чыгымдарынын 15 пайыздан 20 пайызга чейинки үлүшү туура келди, ал эми бул беренеге багытталган каражаттардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. 2023-жылы социалдык коргоого багытталган каражаттардын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү жана 59 млрд. ашык сомду түздү.
                            Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого кеткен чыгымдар
 

 

2019

2020

2021

2022

2023

Чыгымдар¹- жалпы млн. сом

 

32 763,6

 

34 376,5

 

36 625,3

 

48 339,6

 

59 269,4

ИДПга карата пайыз менен

5,0

5,4

4,7

4,7

4,8

жалпы чыгымдарга карата пайыз менен

19,5

20,0

17,3

15,5

15,6

¹ ЭВФнын 2001-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасы боюнча колдонмосуна ылайык, ошондой эле финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдар кошулганда.

 
2023-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен келип түшкөн төлөмдөрдү кошкондо) 2019-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталды, бул Социалдык фонддун 2023-жылдагы чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 84,8 пайыз түздү.
 
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 392 миңге жакын адамды  түздү.  Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулду алуучулар дээрлик 83 миң үй-бүлөнү же 283 миң адамды, ал эми социалдык жөлөкпул алуучулар 108 миңден ашык адамды түздү.
 
Беш жылдын ичинде (2019-жылдан 2023-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2,1 эсеге көбөйүп, 2023-жылдын аягына карата бир алуучуга 6 324 сомду түздү.
 
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун жана башка мамлекеттик органдардын пенсиялык органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын саны 817 миң адамды түздү. Беш жылдык мөөнөттүн ичинде дайындалган айлык пенсиянын орточо өлчөмү 2019-жылдагы 5 960 сомдон 2023-жылда 9 380 сомго чейин өстү.
 
Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2023-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 865 кесиптик бирликтер катталган, алардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 11,0 пайызга өскөн.
 
2023-жылы 448 кесиптик бирликтер катталган же жалпы санынын 51,8 пайызы отчет беришкен. Аларда эмгектенген кызматкерлердин орточо жылдык саны 2,4 миң адамды, ал эми бирликтердин мүчөлөрүнүн саны 684,8 миң адамды түздү.
 
Кесиптик бирликтер 2023-жылы 1 016,8 млн. сом суммасындагы финансылык ресурстар менен камсыздалышкан, алардын негизги көлөмү (91,8 пайызы) мүчөлүк төгүм түрүндө келип түшкөн. 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык статикасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 21.10.2024, 14:44