ПРЕСС-АНОНС. 2024-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.10.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2024-жылдын январь - сентябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүп, андан тышкары 9 айдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай көрсөткүчтөрү, 2023-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришет.
 
Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 11-октябрында, башталышы саат 10.00до
Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
  • Керималиева Назира Керималиевна - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Маманова Айнура Торобековна - өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн  башчысы;
  • Абдукадирова Малика Азимовна – финансы статистикасы бөлүмүнүн башчысы.
 
 
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун Басма сөз катчысы Анарбекова Альмирага кайрылыңыздар:
тел.: 66-40-38, уюлдук тел.:996 503 757 520
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.
 
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 10.10.2024, 17:39