Кыргызстан Европа статистиктеринин конференциясынын 73-пленардык сессиясына катышты

Басылмалардын датасы: 26.06.2025


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 2025-жылдын 16-20-июнунда Швейцариянын Женева шаарындагы өткөн Европа статистиктеринин конференциясынын (КЕС) 73-пленардык сессиясына катышты.

Бул иш-чара БУУнун Европа экономикалык комиссиясы (ЕЭК БУУ) тарабынан уюштурулуп, анда 56 мамлекеттин улуттук статистикалык органдарынын 150дөн ашуун жетекчилери, ошондой эле 15ке чукул эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пленардык жыйындын алкагында расмий статистиканын сапатын жогорулатуу жана коомдук ишенимди бекемдөө, эл аралык статистикалык стандарттарды шайкеш келтирүү, статистикалык системалардын санариптик трансформациясы, жалган маалыматтарга каршы аракеттер, миграция статистикасын өнүктүрүү, инновациялык изилдөө ыкмалары, эл аралык кызматташтык жана жаңы технологияларды, анын ичинде ачык булактуу программалык камсыздоону колдонуу маселелери каралды.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов негизги үч жана кошумча бир нече маселе боюнча чыгып сүйлөп, төмөнкү маанилүү багыттарга токтолду:

  • Улуттук статистикалык системаны модернизациялоодо жана маалыматтардын сапаты менен шайкештигин жогорулатууда негизги курал болгон Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн жаңыртылган типтүү модели (GSBPM 5.2) боюнча колдоо билдирилди;
  • Мамлекеттик реестрлерден, тандалма сурамжылоолордон жана альтернативдик булактардан алынган маалыматтарды интеграциялоо ыкмаларын бир нукка келтирүү зарылдыгы белгиленип, бул чаралар миграция статистикасынын сапатын жана толуктугун жакшыртууга көмөктөшөрү айтылды;
  • Улуттук статистикалык органдар үчүн багыт берүүчү документ катары Эл аралык этика боюнча сунушту кабыл алуу демилгеси колдоого алынып, санариптик трансформация шартында маалыматтардын купуялуулугун сактоо, кесиптик көзкарандысыздыкты камсыз кылуу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар баяндалды;
  • Ачык булактуу программалык камсыздоону статистиканын санариптик трансформациясында натыйжалуу инструмент катары колдонуу, бул багытта адистердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери баса белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында расмий статистикага болгон коомдук ишенимди арттыруу жана дезинформацияга каршы күрөшүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленип, статистикалык системанын санариптешүүсүн жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мааниси баса көрсөтүлдү. Ошондой эле, алдыдагы эки жылдык мөөнөткө Европа статистиктеринин конференциясынын ишин координациялай турган жаңы Бюро курамы шайланды.

 

Акыркы жаңылоо: 27.06.2025, 13:25