Эл аралык карылар күнү. Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 01.10.2024


Жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылы декабрда бекиткен өзгөчө датаны - Эл аралык карылар күнүн белгилейт. Бул күн коомдун көңүлүн улгайган адамдар туш болгон эң маанилүү маселелерге бурууга жана алардын жашообуздагы баалуулугун баса белгилөөгө багытталган. 2024-жылы Эл аралык карылар күнү "Татыктуу карылык: дүйнө жүзү боюнча карыларга кам көрүү жана колдоо көрсөтүү тутумун чыңдоонун маанилүүлүгү" темасына арналат.
 
Бул ураан карыларга өмүр бою өзүн ыңгайлуу, коопсуз жана татыктуу сезүүгө жардам берүү үчүн натыйжалуу колдоо жана кам көрүү тутумдарын түзүү зарылдыгын баса белгилейт. Бул күнү Улутстатком улгайган адамдар коом үчүн чоң баалуулук экенин эскертүү менен маалыматтарды сунуштайт.
 
Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан чыккандардын саны жыл сайын өсүп бара жатат. Бул 1950-1960-жылдары туулган көбүрөөк муун пенсия курагына кирип жатканына байланыштуу. Акыркы беш жылда республикада улгайган адамдардын саны 127 миңден ашык адамга же 24% көбөйгөн.
 
2024-жылдын башына карата Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы 666 миңге жакын жарандар болгон, бул калктын жалпы санынын 9% түзөт, алардын ичинен 63 жаштан ашкан эркектер - 214 миңден ашуун (эркектер калкынын 6%) жана 58 жаштан ашкан аялдар - 451 миңден ашык (аялдар калкынын 12,5%). Бул курактык топтун негизги бөлүгүн аялдар түзөт, бул эркектердин санынан 237 миңге же 2,1 эсеге көп. Бул аялдардын жашоо узактыгы жогору экендиги менен түшүндүрүлөт: эркектер үчүн - 68,2 жаш, аялдар үчүн - 76,5 жаш.
 
Орточо көрсөткүчтөрдүн айырмасы өлүм көрсөткүчтөрүнүн айырмачылыгына байланыштуу: эркектер аялдарга караганда бир жарым эсеге көп кайтыш болушат. Ошондой эле аялдардын пенсия курагы беш жыл эрте (аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш) экенин эске алуу керек.
 
БУУнун классификациясына ылайык, 65 жаш жана андан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 4% аз болсо, анда калк жаш деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 4%дан 7% чейин болсо, анда карылыктын босогосундагы калк катары айтууга болот. 2024-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү 5,7% (407,9 миң адамды) түзгөн. Бул деңгээл башка КМШ өлкөлөрүнө караганда кыйла төмөн: Беларуста 17,2%, Россия Федерациясында 16,5%, Азербайжанда 9,1%, Казакстанда 8,8% түзөт. БУУнун болжолдоолорунда 2030-жылга карата Кыргызстанда улгайган адамдардын үлүшү 7% жакындашы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
 
Кыргыз Республикасынын 65 жаш жана андан улуу курактагы туруктуу калкынын  
жынысы жана аймактары боюнча саны
(2024-жылдын башына карата баалоо, миң адам)
 
 
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында жана башка мамлекеттик  органдарында 2023-жылдын аягына карата 817 миң пенсионер каттоодо турган, алардын 625 миңден ашууну же 76% курагы боюнча пенсия алуучулар болуп саналышкан.
 
2023-жылы дайындалган пенсиялардын орточо өлчөмү 9 380 сомду түздү, бул пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 37,6%га  (6 816,47 сом) ашты.
 
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдарынын жалпы көлөмүндө пенсиялык камсыздоого чыгымдар 85 пайыздын тегерегин түзөт.
 
Ошентип, улгайган адамдардын Эл аралык күнү актуалдуу маселелерди чечүүдө жана улуу муунга тийиштүү көңүл бурууда коомдун активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн эскертип турат.

Акыркы жаңылоо: 02.10.2024, 14:04