Улутстатком жана ЮНФПА кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты

Басылмалардын датасы: 25.06.2025


Бүгүн Улутстаткомдо Төрага Бактыбек Кудайбергеновдун Казакстандагы ЮНФПАнын өкүлү жана Кыргызстан жана Түркмөнстан боюнча өлкөлүк директору Чинве Огбонна жетектеген БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) делегациясы менен расмий жолугушуусу болуп өттү.
 
Жолугушуунун максаты демографиялык жана социалдык статистика чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн учурдагы жана келечектеги багыттарын талкуулоо болду.
 
 
Төрага Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө ЮНФПАнын улуттук статистикалык потенциалды чыңдоонун алкагында, өзгөчө 2022-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү, өткөрүү жана чогултулган маалыматтарды андан ары талдоо контекстинде көрсөтүлүп жаткан системалуу жана узак мөөнөттүү колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
 
 
ЮНФПА тарабынан Кыргыз Республикасы Вашингтон тобунун методологиясынын негизинде функционалдык чектөөлөрү бар адамдар жөнүндө суроолордун блогун калкты каттоо инструментарийине киргизген региондогу биринчи өлкө экендиги баса белгиленди жана бул инклюзивдүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, калктын бардык топторунун кызыкчылыктарын эске алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун жана эл аралык салыштырмалуулугун камсыздоого карай маанилүү кадам экенидиги айтылды.
 
 
Кызматташтыктын башка келечектеги багыттарынын катарында: заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен 2030-жылдагы эл каттоону өткөрүүгө даярдык көрүү, ошондой эле 2025-2030-жылдарга активдүү узак өмүр сүрүү мамлекеттик программасынын алкагында улгайган жарандардын укуктары маселелери боюнча улуттук изилдөө жүргүзүү белгиленди.
 
 
Өз кезегинде ЮНФПАнын өкүлү Чинве Огбонна Улутстатком менен ар тараптуу кызматташууну улантууга даяр экендигин, ЮНФПАнын биргелешкен демилгелер алкагында эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүү ниетин билдирди.
 
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, өз ара макулдашуу тараптардын кызматташууга болгон кызыгуусу жогорку деңгээлде экенин көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өлкөнүн өнүгүүсүнө жана глобалдык максаттарга жетүүгө багытталган туруктуу, заманбап жана колдонуучулардын муктаждыктарына жооп берген статистикалык системаны өнүктүрүү багытындагы иштерин активдүү улантууда.
 
 

Акыркы жаңылоо: 27.06.2025, 11:53