Улутстатком натыйжалуулукту жогорулатуу жана респонденттерге жүктү азайтуу максатында расмий статистикалык отчеттуулукту оптималдаштырат
Басылмалардын датасы: 09.06.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети расмий статистикалык отчеттуулукту оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүүдө. Алсак, 2025-жылдын 28-майында Улутстаткомдун № 38 «Расмий статистикалык отчеттуулуктун формаларын оптималдаштыруу жөнүндө» буйругуна кол коюлган, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 «Мамлекеттик кызматтын тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиялаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын токтомун аткаруу максатында кабыл алынган.
Мындай чаралардын максаты респонденттерге административдик жүктү азайтуу, статистикалык маалыматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын карамагында болгон маалыматтарды натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.
Буйрукка ылайык, расмий статистикалык отчеттуулуктун формасын оптималдаштыруунун жыйынтыгында, алардын айрымдары күчүн жоготту деп таанылат, ал эми башка статистикалык формалардын бир бөлүгү маалыматтарды берүүнүн корголгон каналдары аркылуу машина окуй турган форматта автоматташтырылган түрдө маалымат чогултууну камсыз кылуу менен административдик маалымат булактарынан алынган маалыматтардын форматына которулат.
Респонденттерге ушул буйрук 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирээрин эскертебиз.
Белгилей кетсек, кабыл алынган чаралар отчет берүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтарды чогултуу процесстерин санариптештирүүгө жана мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга багытталган.
Байланыш үчүн маалымат:
Стратегиялык пландаштыруу жана бизнес-процесстерди оптималдаштыруу башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Тел.: +996 (312) 32-47-39 / 38
Email: nsc_mail@stat.kg