Республикада жумушсуздуктун деңгээлинин төмөндөшү байкалууда
Басылмалардын датасы: 24.06.2025
Изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 2024-жылы 15 жаш жана андан улуу курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,9 миллион адамды түздү, алардын ичинен 2,8 миллиону иш менен камсыз болгон жана 104 миңден ашыгы жумушсуздар. Мында 2023-жылга салыштырмалуу 15 жаш жана андан улуу курактагы иш менен камсыз болгон калктын саны 4 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта жумушсуздардын саны тескерисинче 7 пайызга азайды. Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1,7 млн.) иш менен камсыз болгон аялдардын санынан (1,1 млн.) ашты.
2024-жылы калктын иш менен камсыз болуу деңгээли жалпысынан 57 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул эле көрсөткүчүнөн 0,8 пайыздык пунктка көп. Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (72 пайыз) аялдарга караганда (43 пайыз) жогору. Жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзүп 2023-жылга салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка төмөндөдү.
______________________________________________________________________