«Кыргызстан» кыскача статистикалык маалымдамасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 30.04.2025


Кыскача статистикалык маалымдамада 2022–2024-жылдардагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берилет.


Маалымдамада мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, калк, саламаттыкты сактоо, кылмыштуулук, турак жай шарттары жана үй-бүлөлөрдүн керектөө чыгымдары тууралуу маалыматтар камтылган. Калктын иш менен камсыз болуусу, социалдык камсыздоо, билим берүү, маданият жана туризм боюнча маалыматтар да берилет.


Улуттук экономиканын абалы тууралуу маалымат өзүнчө бөлүм катары берилет, анда ички дүң продукт, өнөр жай, айыл чарба, инвестициялык жана курулуш ишмердүүлүгү, соода, транспорт, мамлекеттик бюджет, тышкы соода жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттук-импорттук операциялар боюнча көрсөткүчтөр камтылган.


Басылмадагы таблицалар бир катар графиктер жана диаграммалар менен толукталган.
2024-жыл үчүн берилген маалыматтар алдын ала болуп эсептелет.

Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын
“Басылмалар” бөлүмүндө жеткиликтүү.

_____________________________

Статистикалык маалыматтарды жайылтуу жана коммуникациялар башкармалыгы; |e-mail: svodnsc@stat.kg |  тел. + 996 (312)  625559

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 30.04.2025, 16:16