2021-2025-жылдардагы «Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдык жыйнагы» статистикалык басылмасы басууга даярдалды.

Басылмалардын датасы: 01.10.2026


Жыйнак 2021-2025-жылдарда өлкөдөгү демографиялык абалды мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт.

Басылмада республиканын заманбап административдик-аймактык түзүлүшү, калктын санынын өзгөрүшү, жыныстык-курактык жана этникалык курамы, аймак боюнча жайгашуусу, төрөлүшү жана өлүмү, калктын өлүмүнүн себептери, никелешүү жана ажырашуу, миграция процесстери жөнүндө маалыматтар берилди.

Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий (www.stat.gov.kg) сайтынын «Басылмалар» бөлүмүндө жеткиликтүү: https://stat.gov.kg/kg/publications/demograficheskij-ezhegodnik-kyrgyzskoj-respubliki/

 

Демографиялык статистика бөлүмү e-mail: j.maatkulova@stat.kg  тел. + 996 (312) 324636, 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 01.10.2026, 16:44