Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 23.06.2025


Урматтуу кесиптештер!

 
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
 
Мамлекеттик кызмат — бул жөн гана жумуш эмес, бул коом алдындагы чоң жоопкерчилик, мамлекетти өнүктүрүүгө кошкон салым жана ар бир жаранга кызмат кылууга болгон умтулуу. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызмат тактыгы, жоопкерчилиги жана жарандарга ачык болуусу менен өзгөчөлөнөт. Бул ийгиликтер ар бириңиздердин аракеттериңиздердин, билимиңиздердин жана чынчылдыгыңыздардын жыйынтыгы.
 
Мамлекеттик башкарууда ишенимдүү статистикалык маалымат — негизги маалымат булак болуп эсептелет. Улуттук статистикалык комитет коомчулукка так жана өз убагында маалымат берүү менен өзүнүн миссиясын ийгиликтүү улантууда. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик программалардын жана эл аралык милдеттенмелердин аткарылышы ачык-айкын көзөмөлдөнүүдө.
 
Майрамдык күндү пайдаланып, сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөңүздөргө тынчтык менен бакубат жашоо каалайм! Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, ынтымак жана туруктуу өнүгүү болсун!
 
Урматтоо менен,
Төрага
Бактыбек Кудайбергенов

Акыркы жаңылоо: 23.06.2025, 09:56