Улутстаткомдун өкүлдөрү “Гүлзар” балалык борборунда болушту

Басылмалардын датасы: 03.06.2025


Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери "Гүлзар” балалык борборуна барышты. Сапардын алкагында трикотаж жана байпак буюмдары, жеке гигиена каражаттары, ошондой эле таттуулар түрүндө жардам көрсөтүлдү.

“Гүлзар” балалык борбору- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды,  анын ичинде тоголок жетимдерди, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды кошкондо 105 тарбиялануучу кыз билим алган мекеме. Борбор өзүнүн тарбиялануучуларына билим, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтөт, алардын социалдык адаптацияланышына, ошондой эле укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшөт.

Көрсөтүлгөн колдоого жооп катары борбордун жамааты Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго жана комитеттин бардык кызматкерлерине көңүл бургандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Улуттук статистика комитети көрсөтүлгөн жардам борбордун тарбиялануучуларына кубаныч жана колдоо алып келип, ар бир балага камкордук жана көңүл буруунун белгиси болоруна ишеним билдирет.

Ошондой эле, Улутстатком "Балдар жөнүндө статистика" интерактивдүү порталын ишке киргизгендигин белгилей кетүү керек (https://baldar.stat.gov.kg/). "Балдар жөнүндө статистика" интерактивдүү платформасы - бул ар кандай багыттар боюнча балдардын абалына тиешелүү негизги көрсөткүчтөрдү ыңгайлуу формада байкоого мүмкүндүк берген заманбап санариптик аспап.

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 03.06.2025, 16:54