«Нөлдүк» көрсөткүчтөрү бар ишканалар жана уюмдар расмий статистикалык отчет тапшыруудан бошотулат

Басылмалардын датасы: 09.06.2025


Жаңы эрежелерге ылайык, эгер юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр жана жеке ишкерлер отчеттук мезгил ичинде өндүрүштүк, чарбалык, инвестициялык жана финансылык ишмердүүлүктү жүргүзбөсө жана статистикалык формаларды толтурууга маалыматтары жок болсо, алар статистикалык отчет тапшыруу милдетинен бошотулат. Бул учурда тиешелүү аймактык статистика органын өз убагында кабардар кылуу зарыл.

Улутстатком бул чараны киргизүү бизнеске административдик жүктү азайтууга, отчеттук жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана респонденттер менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталгандыгына белгилейт. 

Бул механизм Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө»  Жарлыгына жана аталган Жарлыктын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 2 Протоколуна ылайык киргизилген.

"НӨЛДҮК" КӨРСӨТКҮЧТӨР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМДОО ТАРТИБИ

Ким билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү

  • Отчеттук мезгилде иш жүргүзбөгөн Кыргыз Республикасында катталган бардык юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр жана жеке ишкерлер.

Билдирүүнү каякка жөнөтүү керек

  • Билдирүү субъекттин катталган жери боюнча райондук (шаардык) статистика бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.

Берүү мөөнөтү

  • Билдирүү белгиленген отчеттук мөөнөт аяктаган күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш.

Билдирүүдө эмнелер көрсөтүлүүсү зарыл

Билдирүүдө төмөнкү маалыматтар болушу зарыл:

  • Уюмдун толук аталышы / Жеке ишкердин аты-жөнү;
  • ОКПО коду;
  • Катталган дареги;
  • Отчеттук мезгил (мисалы: «2025-жылдын апрель айы үчүн»);
  • Ишмердүүлүк жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө белгилөө (мисалы: «отчеттук мезгилде ишмердүүлүк жүргүзүлгөн жок, каржылык-чарбалык иш болгон жок»);
  • Жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын колу;
  • Билдирүүнүн түзүлгөн күнү.

 

Байланыш үчүн маалымат:

Стратегиялык пландаштыруу жана бизнес-процесстерди оптималдаштыруу башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

Тел.: +996 (312) 32-47-39 / 38
Email: nsc_mail@stat.kg
Аймактык органдардын байланыштары:
https://stat.gov.kg/ru/about/territorialnye-organy/


Акыркы жаңылоо: 09.06.2025, 15:06