Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларындагы ИДПнын көлөмүндө товарларды өндүрүүчү жана кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темптеринин жогорулагандыгы белгиленди
Басылмалардын датасы: 15.11.2018
Ички дүң продукт (ИДП) 2018-ж. январь-октябрь айларында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деӊгээлинен 2,0 пайызга өсүп, 420 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 382,6 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,6 пайызга жогору болду.
ИДПнын өсүшү негизинен, айыл чарба, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу товардык өндүрүш тармактары – 102,3 пайызды (2017-ж. январь-октябрь айларында – 106,3 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,8 пайызды (2017-ж. январь-октябрь айларында – 100,7 пайыз) түздү.
2017-жылдын январь-октябрь айларына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 0,1 пайыздык пунктка төмөндөп, 39,7 пайызды түздү, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү, 1,7 пайыздык пунктка кыскарды жана 44,8 пайызды түздү.
2018-жылдын январь-октябрь айларындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
(пайыз менен)
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү темптери (төмөндөшү- ) |
ИДПнын түзүмү |
|||
2017 |
2018 |
|||||
|
ИДП |
420012,4 |
2,0 |
100,0 |
100,0 |
|
|
Товарларды өндүрүүчү тармактар |
166619,3 |
2,3 |
39,8 |
39,7 |
|
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
56977,4 |
2,5 |
14,5 |
13,6 |
|
|
Өнөр жай |
78728,9 |
-0,2 |
18,2 |
18,7 |
|
|
Пайдалуу кендерди казуу |
3572,7 |
-35,6 |
1,0 |
0,9 |
|
|
Иштетүү өндүрүшү |
65677,7 |
1,2 |
15,1 |
15,6 |
|
|
Электр энергия, газ, буу жана |
8192,3 |
2,5 |
1,9 |
1,9 |
|
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
1286,2 |
32,6 |
0,2 |
0,3 |
|
|
Курулуш |
30913,0 |
8,3 |
7,1 |
7,4 |
|
|
Кызмат көрсөтүүчү тармактар |
188132,6 |
1,8 |
46,5 |
44,8 |
|
|
Дүң жана чекене соода; автомобилдерди |
72218,7 |
4,4 |
16,8 |
17,2 |
|
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
17186,1 |
4,8 |
3,9 |
4,1 |
|
|
Мейманканалар менен ресторандардын |
6983,8 |
6,9 |
1,7 |
1,7 |
|
|
Маалымат жана байланыш |
12462,9 |
-7,5 |
3,1 |
3,0 |
|
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
79281,1 |
0,1 |
21,0 |
18,8 |
|
|
Продукттарга таза (субсидияларды |
65260,5 |
2,0 |
13,7 |
15,5 |
|
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg, @stat.kg; тел. + 996 (312) 3246955; 325351