Статистика кеңешинин жыйыны: учурдагы ишмердүүлүк жана келечектеги пландар

Басылмалардын датасы: 18.10.2024


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Статистика боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү, анын жүрүшүндө расмий статистиканын учурдагы ишмердүүлүгүнүн маселелери жана жакынкы жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары талкууланды.

Кеңешмени Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ачты. Ал өз сөзүндө салмактуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды камсыз кылууда Улуттук статистика комитетинин негизги ролун баса белгиледи. Ал белгилегендей, Улутстатком колдонуучулардын кеңири чөйрөсү менен активдүү кызматташуу, расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңеш тарабынан Дүйнөлүк банктын "Статистикалык системаны модернизациялоо"долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан 2022-2026-жылдарга расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары каралды. Төмөнкү негизги багыттарга көңүл бурулду:

- Улуттук статистикалык системаны түзүү жана экономиканын ар түрдүү секторлору боюнча маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу методологияларын өркүндөтүү;

- Электрондук отчеттуулук системасын киргизүү (АМСТ);

- Респонденттердин жүгүн азайтуу үчүн административдик маалыматтарды активдүү колдонуу;

- Климаттын өзгөрүшүнүн көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу;

- Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн жыйынтыктары (MICS);

- Статистикалык маалыматты жайылтуу үчүн жаңы платформаларды иштеп чыгуу;

- Улутстаткомдун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.

Кеңештин мүчөлөрү, жетишкен жыйынтыктарды жогору баалап, Улуттук статистика комитетинин иштериндеги олуттуу прогрессти белгилешти жана сунушталган материалдар боюнча суроолорду беришти.Ошондой эле алар Улутстаткомдун расмий сайтында жана социалдык тармактарында жарыялоолорду жакшыртуу боюнча сунуштарды беришти, ошондой эле эксперттердин ишинин үзгүлтүксүздүгү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты. Жыйында айтылган сунуштардын арасында Улутстаткомдун респонденттерди тейлөө борборлорун ачуу боюнча идеялар болду. 

Улутстаткомдун төрагасы отурумду жыйынтыктап жатып, Кеңештин мүчөлөрүнө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана алардын сунуштары комитеттин мындан аркы ишинде эске алынарын белгиледи.

Статистика боюнча кеңеш Улуттук статистика системасынын стратегиялык документтери, анын ичинде статистикалык программалар жана отчеттор боюнча сунуштамаларды кароо жана иштеп чыгуу үчүн жооптуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңештин курамы жана анын Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген. Статистика боюнча кеңештин иши Улуттук статистика системасынын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

 
 

Акыркы жаңылоо: 28.10.2024, 10:29