Кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы негизги дан эгиндерин жыйноонун азайышына алып келди
Басылмалардын датасы: 09.09.2021
Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 380 миң гектар аянттан жыйналды, бул 1,8% га көп, 536 миң тонна дан бастырылды, же 46,8 пайызга аз.
Мында, жалпысынан республика боюнча дан эгиндери үстүбүздөгү жылы чабыла турган аянтынынан 66% жакын аянты жыйналып алынды, анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында - 2,3%, Ысык- Көл - 34% жана Талас облусунун чарбаларында - 59% аянты жыйналып алынды.
23 -августка карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналышы
|
Иш жүзүндө |
Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата |
||
---|---|---|---|---|
|
2020 |
2021 |
+, - |
пайыз менен |
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз), миң га |
372,9 |
379,6 |
6,7 |
101,8 |
Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта) миң т |
1 007,8 |
536,2 |
- 471,6 |
53,2 |
1 гектардан бастырылды, ц |
27 |
14,1 |
- 12,9 |
52,2 |
Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т |
504,0 |
274,8 |
- 229,2 |
54,5 |
Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т |
423,1 |
189,7 |
- 233,4 |
44,8 |
Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т |
0,58 |
0,64 |
0,06 |
110,6 |
Казылган картошка аянты, миң га |
19,7 |
18,1 |
- 1,6 |
91,8 |
Жыйналган картошка, миң т |
316,9 |
285,1 |
- 31,8 |
89,9 |
Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү, миң т |
602,6 |
587,9 |
- 14,7 |
97,6 |
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т |
207,7 |
193,8 |
-13,8 |
93,3 |
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т |
101,2 |
94,7 |
- 6,6 |
93,5 |
Үстүбүздөгү жылдын жайында аномалдуу жогорку температура жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө алып келди. Мында, жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы - 45,5%, арпанын - 55,2%, картошканын - 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүн - 6,7%, мөмө -жемиштердин - 6,5% жана жашылчанын дүң жыйымы - 2,4% кыскарды.
_________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).