2025 - жылы айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү максатында үй чарбаларынын тизмесин тактоо иштери аяктады

Басылмалардын датасы: 26.06.2025


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети алдыда боло турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан чарба субъекттеринин тизмелерин тактоо боюнча иштерди аяктады.
 
Ишти жүргүзүү үчүн ар бир регистраторго DAREK.KG порталынын негизинде берилген тизме боюнча участоктор бекитилип, аларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген тиешелүү карта жана тизмелер тапшырылган.
 
Бир айдын ичинде регистраторлор республиканын бардык аймактарында иш жүргүзүп, өз участокторундагы ар бир үй чарбасынын дарегин жана жайгашкан жерин такташты.
 
Тактоо иштери белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө бүттү. Такталган маалыматтар айыл чарба каттоосунун кийинки этаптарын даярдаш үчүн негиз түзүп, бардык чарба субъекттерин толук камтууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

 

 

__________________________________________________________________________

Интервьюну уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылуу керек:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747
 e-mail: statistica.kg@gmail.com   Дареги: ул. Фрунзе 374

Акыркы жаңылоо: 26.06.2025, 12:59