Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 10.05.2026


Жыл сайын 10-майда Кыргызстандын банк системасынын кызматкерлери кесиптик майрамынбелгилешет, ал банк системасынын маанилүү ролун жана банк кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө жана анын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга кошкон олуттуу салымын белгилөө үчүн негизделген.

2025-жылы республиканын банк тутумунда Улуттук банк жана 22 коммерциялык банк, анын ичинде чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен 12 банк иш жүргүздү.Республиканын аймагында алардын 316 филиалы иштеген, ал эми банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 24миң адамдан ашты.

Банктардын кардарларынын эсептеринин саны 20,7миллионго жетти, мында алардын санынын 95,5%ы жеке адамдардын эсептерине туура келди. Өткөн жылыкардарлардын эсептеринин саны 5,7 млн. эсепке (же 38%га)көбөйгөн, бул мобилдик банкинг жана онлайн кредит берүү сыяктуу санариптик финансылык кызматтардын өнүгүшүнөбайланыштуу болду.

2025-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү(чакан ишканаларды эсепке албаганда) кызматкерлердинчегерилген номиналдуу орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлине салыштырмалуу 16,4%га көбөйүп, 88 340 сомду түзгөн.

2025-жылы банк секторунун кирешелери 220 млрд.сомдон ашып, мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу төрттөн бирине ашык көбөйдү. Улуттук банктын алтын-валюта резервдерин башкаруудан түшкөн кирешесинин, ошондой эле коммерциялык банктардын комиссиондукжана пайыздык кирешелеринин өсүшү байкалды.

Экономиканын банк секторунун ишмердигининкөрсөткүчтөрү

(млрд. сом)

 

2024

2025

Кирешелер

174,2

220,2

Чыгымдар

94,9

123,8

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

79,2

96,3

Активдер

1 364,3

2 095,5

Милдеттенмелер

1 109,3

1 572,8

Капитал

255,0

522,7

   анын ичинде уставдык капитал

76,9

166,5

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча банк тутуму тарабынан 96 млрд. сомдон ашык сальдолоштурулган пайда алынды, бул мурунку жылдын көлөмүнөн 21,6%га (же 17,1млрд. сомго) көп. Пайданын негизги өсүшү Улуттук банк тарабынан камсыз кылынган.

Экономиканын банк секторунун суммардык активдери бир жылдын ичинде 1,5 эсеге көбөйдү жана 2025-жылдынаягына карата 2 трлн. 95 млрд. сомду түздү, бул республиканын ИДПсынан 6 пайызга ашты. Активдердин жалпы наркынын 57,5%нын көлөмү коммерциялык банктарга, ал эми 42,5%ы - Улуттук банкка туура келди.

___________________________________________________________________________________

Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;   |тел. + 996 (312) 626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

2026-жылдын 10-майы


Акыркы жаңылоо: 10.05.2026, 09:40