Берилген микрокредиттердин эң чоң үлүшү керектөө муктаждыктарыны туура келди

Басылмалардын датасы: 26.05.2026


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 23 млрд. сом суммасынан ашык кредиттер берилди, мында алуучулардын саны 807 миңге жакын адамды түздү. Берилген микрокредиттердин көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 23%га көбөйдү, ал эми микрокредит алган алуучулардын саны 2 эседен ашык көбөйдү, бул кыска мөөнөттүү онлайн кредит берүүнүн өнүгүшүнө байланыштуу болду.

Тармактык түзүмдө берилген микрокредиттердин эң чоң үлүшү мурункудай эле керектөө муктаждыктарына (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 63%ы) туура келет. Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө берилген микрокредиттердин үлүшү 16%дан ашык, соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө - 9%дан ашык болду.

    I кварталда калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 46%га жакын), Чүй (12%ы), Ош (10%га жакын) жана Жалал-Абад облустарына (9,5%ы) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31%ы), Ош облусунун (15,5%ы), Жалал-Абад (13%ы) жана Чүй облустарынын (13%га жакын) алуучуларына берилди.

_______________________________________________________________________________________

Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 26.05.2026, 14:30