2025-жылдын январында республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 10.02.2025


2025-жылдын январында ички дүң продукт алдын ала баалоолор боюнча 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу 10,6 пайызга өстү.

2025-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 миллиард сомду түздү жана 2024-жылдын январына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктулардын (2,4 эсеге), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (1,6 эсеге), химиялык (1,5 эсеге) жана фармацевтикалык продукциянын (33,7 пайызга), резина, пластмасса буюмдардын жана курулуш материалдарынын (20,0 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүшүнүн (4,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (2,5 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 10,7 пайызга өстү.
 
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 19,6 пайызды, дүң жана чекене соода – 20,7 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 1,8 пайызды түздү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 0,6 пайызды түздү. Мында тамак - аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар - 1,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки - 0,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер - 0,6 пайызга баалардын жогорулашы белгиленди. Ошону менен бирге, азык-түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче 0,2 пайызга төмөндөдү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региндорунда белгиленди. Мында баалардын (1,8 пайызга) максималдуу өсүшү тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (2,2 пайызга), алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (4,3 пайызга) баалардын жогорулашынын эсебинен Ош облусунда катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң чоң өсүшү (0,3 пайызга) Ысык - Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер (2,3 пайызга) Ош шаарында катталды.
 
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-декабрында 16 млрд.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 0,9 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 13,1 пайызгы өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 2,4 пайызга төмөндөдү.
 
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-декабрында 5,0 млрд.АКШ долларына жакын түздү жана 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,5 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,2 пайыз) жана Казакстанга (26,8 пайыз) туура келди.
 
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт                                                                                                      Экспорт

Презентациялар:

1.  2025 – жылдын башына карата мал жана үй канаттууларын бир жолку эсепке алуунун жыйынтыгы

2. 2024-жылдын Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы (алдын-ала жыйынтыгы)

 
 
 
****
 
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).

 


Акыркы жаңылоо: 10.02.2025, 14:17