Үстүбүздөгү жылдын январь айында экономикада өсүш байкалды
Басылмалардын датасы: 10.02.2022
Үстүбүздөгү жылдын январында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 37 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2021-жылдын январына салыштырмалуу 1,0 пайызга жогорулады.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январында ИДПнын көлөмү 35 миллиарддан ашык сомду түздү жана 1,1 пайызга жогорулады.
Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 22 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөндөдү, буга себеп
химиялык продукциялардын ( 20, 5 пайызга), резина жана пластмастык буюмдар, башка метал эмес минералдык продуктар (18,7), тамак-аш продуктуларына (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (7,7 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алынуучу урандылар (6,6 пайызга).
Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Курулуш жана айыл чарба тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 1,6 пайызга, айыл чарбасында – 2,4 пайызга жогорулап;, дүң жана чекене соода жүгүртүүдө 7,3 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,0 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 3,6 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга – 0,4 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 0,5 пайызга өсүүлөрү байкалды.
Азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын эң жогорку өсүшү (1,7 пайызга) Баткен облусунда байкалды. Алкоголдук суусундуктарга жана тамеки заттарына болгон баанын максималдуу түрдө өсүшү (5,6 пайызга) Бишкек шаарында белгиленди.
Азык-түлүк эмес продуктуларына болгон баалардын өсүшү республикабыздын Жалал-Абад облусунан (0,2 пайызга) жана Ош облусунан (0,4 пайызга) башка көпчүлүк аймактарында катталды.
Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-декабрына карата 7,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 27,0 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 15,9 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 49,8 пайызга жогорулады.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-декабрында 3,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-декабрына салыштырганда 40,5 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 44,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 39,2 пайызга жогоруланган.
Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү 2021-жылдын январь-декабрьда Орусияга (66,7 пайыз) жана Казакстанга (30,9 пайызга) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт Экспорт
__________________________________________________________________________________________
Презентациялар:
1. 2021-жылдын Кыргыз Республикасынын тышкы жанаөзара соодасы (алдын-ала жыйынтыгы)
2. 2017-2021-жылдардагы Кыргыз Республикасынын билимберүү чөйрөсүндөгү негизги тенденциялар тууралуу
3. 2022-жылдын башына карата малдарды жана үй канаттууларын кайра саноонун жыйынтыгы
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).