Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында экономиканын өсүшү уланууда

Басылмалардын датасы: 13.06.2025


2025-жылдын январь-май айларында ички дүң продукт алдын ала баалоолор боюнча 573,1 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулады.

2024-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү фармацевтикалык продукцияларынын (1,7 эсеге), тамак-аш азыктарынын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамекинин (1,6 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларынын (45,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (34,4 пайызга), тазаланган мунай продуктуларынын (25,4 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (6,5 пайызга) көлөмүнүн жогорулашы менен камсыздалды.
 
Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 48,3 пайызды, дүң жана чекене соода - 10,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы - 3,0 пайызды түздү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы республика боююнча 3,3 пайызды түздү. Мында азык-түлүк продуктуларга жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 4,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 3,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 1,9 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 1,0 пайызга жогорулады.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында, баалардын эң жогорку өсүшү (4,4 пайыз) Талас облусунда катталган, бул азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын (7,4 пайызга) жогорулашына байланыштуу болду. Алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баанын (7,2 пайызга эң жогорку өсүшү) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (3,1 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (4,3 пайызга) Нарын облусунда белгиленди.
 
Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын январь-апрель айларында 4 592,4 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 8,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 12,3 пайызга азайды.
 
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 1 472,7 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул мезгилде Россияга (67,6 пайыз) жана Казакстанга (30,2 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(Мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт                                                                                                      Экспорт

 

Презентациялар:
 
****
 
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).

Акыркы жаңылоо: 13.06.2025, 11:23